Тест

ОҢОЙ ОЛЖО БОЛБОЙТ, АЛДАНБАГЫЛА!

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору 2025-жылдын 30-январында борбордун сайтына тест жайгаштырган. Анын максаты жарандарды маалыматты текшерүүгө чакыруу жана шылуундардын...

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун ишмердүүлүгү

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылы 31-июлунда чыккан токтомунун негизинде түзүлгөн.

  Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

Борбордун максаттары

Борбордун максаты Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана бекемдөө болуп саналат.

Борбордун негизги милдеттери

Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин бузууга, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты тутандырууга, мамлекеттик түзүлүшкө башка кол салууларды жасоого чакырган жалпыга ачык чакырыктарды, ошондой эле согушту, зомбулукту, порнографияны жана ырайымсыздыкты, терроризм жана диний экстремизм идеяларын, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуу, даярдоо жана пайдалануу ыкмалары, методдору, сатып алуу жерлери жөнүндө маалыматтарды пропагандалоого багытталган маалыматтарды камтыган Интернет тармагындагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтык материалдарга системалуу мониторинг жүргүзүү. 

Ошондой эле, маалыматтык чөйрөдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, жарандардын коомдук аң-сезимине деструктивдүү терс маалыматтык-психологиялык таасирдин алдын алууга багытталган Интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылган материалдардын мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин талдоо борбордун милдеттерине кирет. 

Изилдөө жана долбоорлор

Борбордун негизги милдеттеринин бири изилдөө жүргүзүү жана долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат. Борбор маалыматтык чөйрөдө маалымат туура таратылып жатканына изилдөө жүргүзөт. Калк арасында медиа сабаттуулукту жогорулатуу, Кыргызстандагы ММКлардын ишмердүүлүгүнө салыштырмалуу талдоо жүргүзүү, интернетте жарандардын укугун коргоо жана коопсуз чөйрөнү камсыз кылуу жаатында иш алып барат. 

Борбор бул багытта сурамжылоо жүргүзүп, семинарларды, эксперттердин жолугушууларын уюштурат. Маалыматтык баракчаларды, видеролик, макала жана илимий иштерди даярдайт. Борбор эл аралык уюмдар менен кызматташып, медиа чөйрөсүндөгү дасыккан эксперттер, жаштар уюмдары жана башка өнөктөштөр менен иштешет.      

Эл аралык кызматташуу

Борбор ишмердүүлүгүн жакшыртуу үчүн башка өлкөлөрдүн ушул жаатта иш алып барган борборлору жана маалыматтык технологиялар боюнча дүйнөлүк компаниялар менен биргеликте иш алып барат. Борбор социалдык тармактарда ыкчам чара көрүүнү талап кылган иштер боюнча дүйнөлүк корпорациялар менен иштешүүгө өзгөчө көңүл бурат.