Интернетте мазактоо жана кемсинтүү үчүн айып пул салынат

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.

Ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз түрдө атайын кемсинтүү үчүн жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч (20 000 сом), юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч (65 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Ушундай эле жаза жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп тараткандарга карата дагы колдонулат. Укук бузуулар жөнүндө протоколдорду Ички иштер органдары түзөт жана соттун кароосуна жиберет.

Мыйзам 2025-жылдын 31-январында “Эркин-Тоо” басылмасына жарыяланды. Он күндөн кийин күчүнө кирет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *