Президент Садыр Жапаров: Дезинформацияга каршы күрөшүү журналисттердин  кесипкөйлүгүнөн көз каранды

“Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат”, – деп билдирди Президент Садыр Жапаров 17-декабрда “Мейкин” сыйлыгын тапшыруу аземинде.

“Учурда журналисттердин алдында кесипкөйлүк гана эмес, аң-сезимдүүлүк менен жоопкерчилик принциптерин да талап кылган ары жаңы, ары татаал милдеттер турат. Биз азыр санарип доордо жашап жатабыз. Ар түркүн маалыматтар өтө ыкчамдык менен жайылууда. Мындай маалыматтардын деңизине коомчулук, эл-журт, айрыкча, жаш муун көмүлгөн чакта кайсынысы жалган, кайсынысы анык экенин ажыратып берүүдө сиздердин ролуңуздар бир нече эсе жогорулайт. Барган сайын кооптуу болуп татаалдашып бараткан дүйнөнүн объективдүү картинасын калыптандыруу, коомдук аң-сезимди манипуляциялоого жөндөмдүү дезинформацияга каршы күрөшүү сиздердин жоопкерчилигиңиздер менен кесипкөйлүгүңүздөрдөн көз каранды. Маалымат таратуудагы фактыларга таянууда аң-сезимдүүлүк менен аяр мамиле кылуу, аларды кылдат текшерүү – заманбап журналисттин кесиптик ишмердүүлүгүнүн негизги компоненттери экенин жакшы билесиздер. Антпесе, жалган маалымат жана маалымат манипуляциясы коомго олуттуу сокку уруп, мамлекетке жана бийлик институттарына болгон ишенимди кетирип, социалдык чыңалууну жаратып, он миңдеген жарандарды адаштырган курал болуп калышы толук мүмкүн. Биз элибизди, айрыкча жаштарды маалыматтарды ылгап кабыл алууга, андагы фактыларды текшерүү менен чагымчылдыкка алдырбоого үндөшүбүз керек.

Окуяларды калыс чагылдырууга умтулуу – бул экономикасы күчтүү, маданияты өнүккөн жана жарандардын жашоо деңгээли жогорку болгон мамлекетке ишенимдүү түрдө айланып бараткан өлкөнү – жаңы Кыргызстанды куруунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Калктын бардык катмарына чындыкка дал келген ар тараптуу маалымат жеткирүү аркылуу гана биз коомдук консенсуска жетишип, өнүккөн өлкөнү чогуулап кура алабыз. Учурдан пайдаланып, урматтуу айрым журналисттер, айрыкча “Азаттык радиосу” жана башка 5-6 сайттар, жалган маалыматтарды таратып коюп,

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *