САК БОЛУҢУЗ!  АЛДАМЧЫЛАРДЫН ТУЗАГЫ

Оңой жол менен олжо тапкысы келгендер акыркы убакта белгилүү медиалардын интернет ресурсуна окшоштуруп бир күндүк веб-сайттарды жасап, жарандарды тузакка иле башташты. Буга чейин ишкер Аскар Салымбековдун атын жамынып, күмөндүү финансылык платформага чакырыктар жасалган. Ошол эле баракча аркылуу 20-декабрда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин ысымын, сүрөтүн пайдаланып кезектеги материалды жарыялашты. Анда, бир заматта бай болуу тууралуу сыяктуу азгырыктар жазылган.

IT-адистин айтымында, бул ресурс интернет колдонуучуларын алдоо үчүн түзүлгөн фишинг сайтынын бир түрү. Фишинг сайт деген эмне? Жөнөкөй сөз менен айтканда, “кайырмак салуу”, “балык улоо”, мындайча айтканда интернет-алдамчыларынын тузагы.

Фишинг сайтын кантип аныктоого болот?

1. Расмий ресурстун атын жамынышат: интернет колдонуучуларын ишендирүү үчүн сайттын дизайнын белгилүү маалымат порталына окшоштуруп жасашат;  

2. Сайттын дареги маалымат ресурсунун расмий доменине дал келбейт;

3. Жарандардын көңүлүн бурдуруу үчүн курч жана чуу жаратуучу темаларды ойлоп табышат;   

4. Социалдык баракчаларга же “App Store”, “Google Play” плафтормаларына алып баруучу баскычтар күмөндүү иштейт. Аны баскан киши дароо каттоого алуучу баракчага түшүп калат. Фишинг сайттын эң кооптуу жери ушул. Анткени, анда катталуучунун жеке маалыматтарын чогултуу башталат. Алдамчылардын “кайырмагына” илинип калбаш үчүн эч кандай маалымат бербей, дароо сайттан чыгып кетүү керек.  

Каттоо баракчасында эмнелер камтылат?

1. Аз суммадагы акча бир заматта чоң капиталга айланат деген билдирүүлөр алдамчылардын негизги “куралы”;   

2. Ишеним жаратуу үчүн белгилүү адамдардын атын пайдалануу;

3. Адамды ойлондурбай туруп, чечимди бат кабыл алдыруу үчүн “каттоо бүгүн гана бекер” деген сыяктуу азгырыктар;  

4. Көп учурда тексттер сабаттуу жазылып, калп маалыматтар чындыкка окшоштурулуп берилет. Бирок лицензиясы, коопсуздугу, тобокелчилиги тууралуу эч нерсе жазылбайт;

5. “Платформанын операторунан” телефон чалуулар башталат. Алдамчылар ынанымдуу сүйлөп, банктык эсеп, карталар тууралуу  маалымат алууга аракет кылышат;  

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды кандай гана маалымат болбосун башка булактар аркылуу (кеминде 2-3 булактан) текшерүүгө чакырат. Жеке маалыматтарды (паспорттогу маалыматтарды, банктык эсептерди, картанын номурларын ж.б) берүүдө сак болуңуз! Бир эле туура эмес кадам сизди финансылык жактан чоң тобокелчиликтерге алып келиши мүмкүн.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *