ШЫЛУУНДАРДЫН КЕЗЕКТЕГИ ТУЗАГЫ, САК БОЛГУЛА!

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жаңы алдамчылык схемасы пайда болгонун эскертти.

“Акыркы учурда белгисиз адамдар Улуттук банктын атынан жарандарга чалып, Улуттук банктын кызматкеринин жасалма күбөлүгүн жөнөтүп, алардын банктык эсептеринен чет өлкөгө согуш операцияларын каржылоого акча жөнөтүлүп жатканын айтышууда. Мыйзамга таянып, жарандардан жеке маалыматтарды сурашууда.

Буга байланыштуу Улуттук банк алар шылуундар экендигин эскертет! Белгилей кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, мессенджерлер аркылуу күбөлүктөрдү жөнөтпөйт, ошондой эле жеке жактарды тейлебейт, жарандарга эсеп ачпайт жана калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөйт.

Эч убакта алдамчыларга ишенбеңиз жана бейтаааныш жактарга акчаңызды которбоңуз. Алдамчылардын максаты – сиздин акча каражаттарыңызга жетүү жана уурдоо!

Эгерде сиз кандайдыр бир алдамчылык иштерге кабылсаңыз, бул тууралуу дароо банкка билдирип, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылыңыз.

Урматтуу жарандар, сак болуңуздар! Алданбаңыздар!”, –  деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Эскерте кетсек, жакында эле журналист Мээрим Ташибекова шылуундарга 1 млн сомго жакын акчасын алдатып жибергенин ачык айтып чыккан. Ага телефон чалгандардын арасында өзүн Улуттук банктын кызматкеримин деп тааныштырып, жасалма күбөлүктөрдү жөнөткөндөр болгон. Учурда журналисттин арызынын негизинде ички иштер органдары иш алып барып жатканы кабарланган. Бирок телефон аркылуу элди алдагандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдө болгондуктан, шылуундарды таап, жазалоо, алдаткан акчаларды кайтаруу кыйынчылык жаратып келет.  

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды шылуундардын тузагына түшүп калбаш үчүн жеке маалыматтарына сак болууга чакырат. Айрыкча, телефон аркылуу байланышка чыккан бейтааныш адамдар менен сүйлөшүүдө абайлаңыз.  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *