Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернет мейкиндигинде жарандардын укуктарын коргоо үчүн дайыма мониторинг жүргүзүүдө.
2025-жылдын 30-январь күнү мониторинг жүргүзүү учурунда БМВ борбору, КИА борбору, “Барашек”, “Радуга вест”, “Роял”, “Кут курулуш”, “Авангард стиль”, “Акнет”, “Космопарк”, “Киноафиша”, “ТС групп”, “N групп”, “Аксай трэвел” жана башка чоң компаниялар “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын аткарбай жаткандыгы аныкталды.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы
4-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу чөйрөлөрү
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили төмөнкүлөрдө милдеттүү түрдө пайдаланылууга тийиш:
8) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарда;
10) билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнамада, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө;
Жогоруда аталган компаниялардын сайтында мамлекеттик тилдеги расмий баракча жок экендиги аныкталды. Сайтта маалыматтар мамлекеттик тилде берилген эмес.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун эксперти бир катар компанияларга кайрылып себебин сурады.
“Акнет” компаниясы: Ооба, сайттын мамлекеттик тилдеги версиясы жок, сиздин эскертүүңүздү жетекчиге жеткиребиз.
“Барашек” рестораны: “Сиздин өтүнүчүңүз сөзсүз түрдө жетекчиликке жеткирилет” (ресторандын сайтында 3 тилдеги баракча бар: англис, орус, кытай тилдери)
КИА борбору: “Учурда сайттын мамлекеттик тилдеги версиясынын үстүндө иштеп жатабыз”
Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын бузулгандыгы боюнча материалдар Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясына жөнөтүлдү.
Мониторинг маалында Кыргызстандагы сайттардын көбүндө мамлекеттик тил тууралуу мыйзамдын талаптары аткарылбагандыгы аныкталды.
Мындан улам, Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору компанияларды расмий сайтын иштетүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткарууга чакырат.