Урматтуу кыргызстандыктар!
Социалдык тармактарда, мессенджерлерде интернет-алдамчылары улам бир амалды колдонуп, иштерин активдештирүүдө. Алар маал-маалы менен ыкмасын өзгөртүп, жаңы тузактарды ойлоп табууда.
Кыргызстанда акыркы учурда маянасы жогору жумуш, чет өлкөлөргө визаны оңой алуу, медициналык кызматтар, тез насыя алуу, карыздарды жоюу, пайдалуу инвестиция деген жарнамалар жана мамлекеттик органдардын атын пайдаланган фейктер аркылуу алдамчылык схемалары кеңири тарады.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору социалдык тармактардагы мындай өңүттөгү жарнамалардын артында шылуундар турушу мүмкүн экенин эскертет.
Кылмышкерлердин көбү чет өлкөлөрдө иш алып барышат. Алар жергиликтүү уюлдук операторлордун телефон номурларын атайын программалар аркылуу жасалмалап, адамдын үнүн башканыкына окшоштуруп өзгөртө алган техниканы жакшы өздөштүрүшөт.
Мындан улам, жарандарды күмөндүү шилтемелерди баспагыла, жеке маалыматтарыңарды бөтөн бирөөгө бербегиле, шек жараткан анкеталарды толтурбагыла, оңой жол менен олжолуу болосуң деген кооз сөздөргө ишенбегиле деп чакырабыз.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернет мейкиндигинде ар дайым мониторинг жүргүзүп, алдамчылардын схемасы, тыюу салынган жарнамалар жана башка мыйзамсыз иштер аныкталган учурда тиешелүү органдарга кабарлап келет. Борбор жарандардын укугун коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жаатында активдүү иш алып барууда.