
Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар:
- Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар, –
200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айыл салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. - Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен;
2) адамдардын тобу тарабынан;
3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, –
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.