
Калкка жайылтууга жатпаган маалыматтардын тизмеси
Массалык маалымат каражаттарында:
а) мамлекеттик сырларды жана коммерциялык сырды ачууга;
б) учурдагы конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууга жана бузууга, Кыргыз Республикасынын жана башка кандай гана болбосун мамлекеттин суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакырык жасоого;
в) согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого;
г) элдердин граждандык ар-намысын мазактоого;
д) динге ишенгендердин жана дин кызматкерлеринин диний сезимдерин мазактоого;
е) баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, адам органдарын жана (же) ткандарын, порнографиялык материалдарды, басма сөз басылмаларын, сүрөттөлүштөрдү же порнографиялык мүнөздөгү башка буюмдарды; мүмкүн болуучу курмандыктарды адамдарды сатууга, сексуалдык мүнөздөгү кызматтарга, анын ичинде психологиялык жардамдын, ымала түзүүнүн, релаксациянын, укалоонун түрү астында, мыйзамдуу иштин түрү астында жагымдуу убакыт өткөрүүнүн, андан ары сексуалдык мамилелерге кирүү максатында таанышууга тартууга багытталган маалыматты пропагандалоо;
ж) уят деп эсептелген сөздөрдү колдонууга;
з) граждандык жана улуттук этиканын нормаларын бузуп, мамлекеттик символиканын атрибуттарын (герб, желек, гимн) мазактаган материалдарды таратууга;
и) инсандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүгө;
к) жалган маалыматты атайылап калкка жарыялоого жол берилбейт.
л) балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.