Интернеттеги социалдык тармактарда 2024-жылдын декабрь айынан бери ар кандай аккаунттар түзүлүп, айдоочулук күбөлүктү сынак тапшырбай алууга болот деген жарыялар берилүүдө. Кызмат акысы 8000 сом деп көрсөтүлүп, айдоочулук күбөлүккө байланыштуу маалыматтар ЖККББнын базасына киргизилет деген жалган маалыматтар жазылган. Аккаунтта берилген телефон номурун Getcontact аркылуу текшергенде, аны көп киши алдамчы деп сактаганы аныкталды.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору бул боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине маалымат берген. Анын негизинде тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору тарабынан жөнөтүлгөн каттан кийин Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги коомчулукка кайрылып, шылуундардан сак болууга чакырды. “Абайлагыла, шылуундар! Күбөлүктү сынаксыз берүү боюнча жарыялар чындыкка дал келбейт. Айдоочулук күбөлүк автомектептерде окуп, бардык сынактарды ийгиликтүү тапшыргандан кийин гана берилет. Бул процесс мыйзам тарабынан катуу көзөмөлгө алынган жана сынактарды тапшырбастан айдоочулук күбөлүктү алуунун башка жолдору жок. Бардык жарандарды көңүл бурууга чакырабыз, ушул өңдүү ушактарга ишенбеңиздер. Шектүү сунуштар пайда болгон учурда, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюу үчүн укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Эскерте кетсек, жасалма документти пайдалангандар мыйзамга ылайык катуу жазаланат”, – деп мекеме билдирүү жасады.
Агенттиктин бул маалыматы бир катар ММКлар аркылуу коомчулукка таратылды.
https://www.azattyk.org/a/33273606.html
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды күмөндүү жарнамалардан оолак болууга чакырат.