Жогорку Кеңештин 11-декабрь күнкү отурумунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарды маалыматты тактабай эле билдирүү жасоодон алыс болууга чакырды.
Сиз (ред: депутат И. Масалиевге кайрылып) маалыматты билбей туруп эле айтып коюп жатасыз. Үстүртөн эле карап, айтып жатасыздар. Маалыматтын баары турат, сурасаңыздар берет. Жөн эле айтып койгон болбойт. Мисалы, көмүр маселесин көтөрдүңөр. Миң-Кушта кытайлар келип, көмүрдү байытып жатышат.” Кыргызкөмүр” ишканасы, бул боюнча кенен маалымат бергиле! Былтыр Бишкек жылуулук берүү борборуна канча көмүр ташылды эле, быйыл канча алынып жатканын толук айтып бергиле!
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарынын мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнөтүп, каалаган маалыматты (купуя сыр болсо дагы) алганга укугу бар.
Ошол эле убакта, мындай маанилүү маалыматтарды (мамлекеттик сырга кирбеген маалыматтарды) мамлекеттик органдар өз убагында элге жеткирип, жөнөкөй тилде түшүндүрүп бериши керек.
Миң-Куштагы кенде көмүрдү кытайлык компания байытып жатканы тууралуу буга чейин маалымат булактарында жарыяланган эмес. Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернеттент бул тууралуу издеп таба алган жок. Ошондой эле, “Кыргызкөмүр” ишканасынын сайтында дагы бул тууралуу маалымат берилген эмес.
Натыйжада, Жогорку Кеңештин депутаты жогорку трибунадан 3 жыл мурда көмүр кендерин кытайлык компаниялар иштетет деп убада бергенсиңер, бирок эч кандай иштер жасалган жок деп билдирди. Муну менен чынында аткарылып жаткан иштер көз жаздымда калып, коомчулукта башка бир пикир пайда болууда.
КОРУТУНДУ: Мамлекеттик органдар тарабынан маалыматтардын өз убагында таратылбагандыгы ар кандай күмөн ойлорду пайда кылууда. Мунун кесепетинен, аткаруу бийлиги убадасына турган жок, иштей албай жатат деген коомдук пикирдин калыптанып калуусу мүмкүн. Жумгалдагы кендерде казылган көмүрдүн сапаты начар деп, борбор калааны ыш каптап жатканы так ушул кара отунга байланыштырылып жаткан чакта кенде кытайлык компания көмүрдү байытуу боюнча иштерди аткарып жатканы тууралуу маалымат коомчулук үчүн өтө маанилүү. Андыктан, буга чейин эле “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан так жана түшүнүктүү маалымат берилиши керек. Бул маселенин социалдык, экономикалык тарабы да бар. Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндөгү жобонун 3-главасынын 3-4-5, 4 -главасынын 1, 2-пункттарына таянып, бардык мамлекеттик органдарды маалыматтарды өз убагында жарыялап, ал боюнча түшүндүрмөлөрдү ыкчам таратып турууга чакырат.