ОҢОЙ ОЛЖО БОЛБОЙТ, АЛДАНБАГЫЛА!

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору 2025-жылдын 30-январында борбордун сайтына тест жайгаштырган. Анын максаты жарандарды маалыматты текшерүүгө чакыруу жана шылуундардын тузагына илинип калуудан коргоо.

Тилекке каршы, тестке катышкандардын 48% фейк маалыматтарга, алдамчылар жарыялаган жарнамаларга ишенип алуу коркунучу бар экен. Мындай жыйынтыкка тесттеги суроолорго берилген жооптордон улам келдик.  

Тест тапшыргандардын ичинен 52,5 % бардык суроого туура жооп берген, аларды шылуундар алдай албайт. Ал эми 20,9 % 83 балл алган, айрым учурда алдамчылардын азгырыктарына алдырып жибериши мүмкүн. 7,9 % 66 балл топтогон. Алар дагы шылуундардын сөзүнө кирип кетүү коркунучу жогору. Тестке катышкандардын 18,7 % маалыматты текшербей, ошол бойдон кабыл алууга даяр экенин көрсөттү.

Тесттеги суроолорго туура эмес жооп бергендерге талдоо жүргүзүү учурунда жарандар «бирөө бекер акча таратууда, мамлекет жарандарга бир жолку сый акы берет, бардык ооруну айыктырган дары» деген сыяктуу жалган маалыматтарга, жарнамаларга ишенери аныкталды. Ошондой эле, аз балл алгандардын чын менен калп маалыматты ажырата албай койгону өкүндүрөт.

ТЕСТТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды шылуундардан коргонуу үчүн күмөндүү шилтемелерден, шек жараткан жарнамалардан сак болууга, бейтааныштарга жеке маалыматты берүүдөн алыс болууга чакырат.

Маалыматтарды текшерүү – көп коркунучтардан сактайт!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *