ЭМНЕГЕ ШЫЛУУНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ?

Дүйнөдө заманбап технологиянын өнүгүшү шылуундарга жакшы курал болуп берүүдө. Алардын жардамы менен акыркы убакта алдамчылыктын ар кандай түрлөрү пайда болуп жатат. Шылуундар жарандардын акчасына ээлик кылуу үчүн күндө жаңы ыкма ойлоп табышууда.

         Алсак, бүгүн алдамчылар “Манас” аэропортунда жоголгон жүктөр сакталуучу кампа тазаланып, багаждар сатыкка коюлду деген жарнама чыгарышты. Бир чемодан жүктү 182 сомго алууну каалагандарды шилтемеге кирүүгө чакырышат. Аны басып, акча жөнөтүүгө аракет кылгандар эсебинде каражатынан толук кол жуушат. Бирок айрымдар бул –  алдамчылардын тузагы экенин сезбей калышы мүмкүн.

         Бир жумадан бери белгилүү адамдардын, саясатчылардын, депутаттардын, министрлердин аты-жөнүн, сүрөтүн пайдалангандар активдешүүдө. Алар ватсап тиркемеси аркылуу ар кимге кат жазып, кайсы бир маселени чечип берүү же ишке орноштуруу үчүн акча которуш керек деп канчалаган ишенчээк адамдын акчасын алдап кетти. Ага чейин болсо УКМКнын кызматкеримин деп коркутуп, акча опузалагандар көбөйгөн эле.

         Алдамчылар жасалма интеллектти дагы мыкты өздөштүрүүдө. Акыркы учурда Дипфейктер көп колдонулуп жатат.

Дипфейк – бул каалаган адамдын видеосун колдонуп, каалагандай сүйлөтүп, кылбаган ишти жасатып койгон аудио же видеоролик. Аны жасалма интеллекттин жардамы менен даярдашат. Кыргызстанда көрүмдүүлүгү жогору телеканалдардын алып баруучуларын, белгилүү саясатчылардын, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн видеолорун пайдалангандар көбөйдү. Аларды ар кандай шилтемелерге кирүүгө, финансылык пирамидаларга акча салууга чакырып сүйлөткөнүн санариптик сабаттуулугу жогору адам деле айрым учурда билбей калышы мүмкүн.

         Эртең шылуундар дагы башка ыкманы, адамдын оюна келбеген тузактарды ойлоп табышы мүмкүн.

         Алдамчыларга алдырбаш үчүн жарандардын финансылык, укуктук, санариптик сабаттуулугун жогорулатуу маанилүү. Ар бир адам эч качан бекер акча, оңой олжо болборун түшүнүшү керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *