Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору кыргызстандыктарды социалдык тармактагы саясий мүнөздөгү калп маалыматтарды жарыялаган фейк баракчалардан сак болууга чакырат
Кыргызстанда социалдык тармактар айрымдарга коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн саясий аянтчага айланганына көп болду. Элди адаштырган маалыматтарды таратуу үчүн “фейктердин фабрикасын” колдонгон кызыкдар тараптар, тагыраагы саясий, деструктивдик, радикалдык маанайдагы оппозициялык жана башка күчтөр бар экени белгилүү. Алар жасалма баракчалар аркылуу саясий өңүттөгү калп, манипуляция кылган маалыматтарды жайылтып, өлкөдөгү абалды чыңалтууну, жарандарда нааразычылык маанайды жаратууну көздөшөт.
Учурда каалаган киши социалдык тармактарда бир нече аккаунт түзүп, иш алып бара алат. Фейк баракчаларда автор тууралуу жазылган маалыматтардын баары калп, ойдон чыгарылган болот. Башкы сүрөткө дагы интернеттен көчүрүп алган фотону коет. Жасалма аккаунттар ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүү үчүн фейктердин тайпасын түзүп, катталуучуларды мүмкүн болушунча көбүрөк тартууга басым жасашат.
Терс мүнөздөгү постторду жарыялагандардын иштөө ыкмасы окшош болот. Президенттин, депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн жана башка жетекчилердин сүйлөгөн сөздөрүн өздөрү каалагандай монтаждап чыгарышат. Көп учурда бийликтеги адамдардын жакындары фейк фабрикалардын курмандыгына айланат. Аларды коомчулукка жаман көрсөтүү үчүн чындыкка окшоштурганга бардык аракетин көрүшөт.
Фейктер жарыялаган посттордо дайыма так маалымат бурмаланат, же айтылган сөз толук жеткирилбей, мааниси өзгөртүлүп берилет. Ошондой эле көрүмдүүлүгүн көбөйтүү үчүн курч сөздөр менен шөкөттөлүп, терс маанайдагы билдирүүлөр камтылат. “Мекенчилдикке” жамынган чагымчыл мүнөздөгү чакырыктар, кооз сөздөр менен коштолот.
Фейктер комментарий жазууда дагы активдүү келишет. Кожоюну же буйрутма кылган адамдын берген тапшырмасынын алкагында иш алып барып, алган акчасын актаганга аракет кылышат. Талкууга катышкандарды калп маалыматка ынандырып, альтернативдүү пикир айткандарга агрессиялык маанайда жооп кайтарышат.
Кыргызстанда фейк аккаунттар айрыкча мамлекет тарабынан жол, социалдык, стратегиялык объекттерди куруу сыяктуу ири долбоорлорго старт берилердин алдында, кендерди иштетүү, чет өлкөдөн инвесторлорду тартуу иштери кызуу жүрүп жатканда, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлүп, салык саясаты өзгөртүлүп, шайлоо сыяктуу маанилүү иш-чаралар башталганда жанданып, баш көтөрүшөт.
Фейктердин башкы максаты – элдин бийликке болгон ишенимин азайтуу же жоготуу, ишке аша баштаган долбоорлор боюнча күмөн саноолорду жаратуу, коомдо чыңалууну пайда кылуу.
КР ММСЖЖС караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору интернет колдонуучуларын фейк аккаунттардан жана алардын терс таасиринен этият болууга чакырат. Маалыматты ишенимдүү булактардан алуу коопсуз экенин эскертет. Посттордо жана комментарийлерде жазылгандарга ар бир жаран сергек көз караш менен карап, чагымчылдарга алдырбай, манипуляцияга жол бербеши керек. Фейк маалыматтар жарыяланган учурда бул тууралуу социалдык тармактын колдоо кызматына кайрылып, даттануу башка адамдарды калп маалыматтын тузагынан сактарын эсиңизден чыгарбаңыз!