АЛДАМЧЫЛАРДЫН ЖАҢЫ СХЕМАСЫ: ШЫЛУУНДАР УКМКнын АТЫН ЖАМЫНУУДА

Акыркы убакта алдамчылар өлкө жарандарына өздөрүн УКМК кызматкери деп тааныштырып телефон чалышууда.  Алар  манипуляция же коркутуу жолу менен акча өндүрүп жатышат. Мындан улам, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Шылуундардын биринчи схемасы:

       “Ачык маалымат булактарынан жабырлануучу тууралуу маалыматтарды чогултуп, андан кийин ага чалышып, УКМК кызматкеринин же тергөөчүнүн атын жамынып, анын бардык акчасы коркунучта экенин айтып, аны коопсуз эсепке которууга же кызматкердин  жеткирүүчүсүнө  накталай берүүгө көндүрүшөт. Жабырлануучу ага УКМКдан телефон чалып жатканына ишенип, алдамчынын эсебине акча которот”

Шылуундардын экинчи схемасы:

       “Алдамчылар жарандарды УКМКнын тергөө бөлүмүнөн деп, аларга кылмыш ишин козгоону пландап жатканы менен шантаж кылып, иш козгобош үчүн алардын эсебине белгилүү бир сумманы которууну талап кылышат. Коркуп кеткен адам  алдамчыларга акча каражаттарын дароо которушат. Бул өзгөчө мамлекеттик органдарынын жетекчилерине тиешелүү”

Заманбап технологиялар өнүккөн шартта азыр каалаган адамдын үнүн жасалмалоого мүмкүн. Алдамчылар ачык маалымат булактарында бирөөнүн сүйлөгөн сөздөрүнөн үн үлгүлөрүн алып, кылмыштуу иштерине колдонушат.

        Мындан улам, УКМК элди деструктивдүү күчтөрдүн алдамчылык аракеттерине ишенбөөгө чакырат жана зарыл болгон учурда  КР УКМКнын төмөнкү байланыш номерлери  аркылуу кайрылууга чакырат: (0312) 66-04; -75, 62-65-04

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды шылуундардын тузагынан сак болууга, жеке маалыматтарды күмөндүү тараптарга бербөөгө чакырат. Шылуундар күн сайын жаңы ыкмаларды ойлоп таап ишке ашырып жатканын эсиңизден чыгарбаңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *