Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору расмий сайты аркылуу жарандар арасында финансылык сабаттуулук боюнча сурамжылоо жүргүздү. Анын жыйынтыгында, катышкандардын 38 пайызы криптовалюта тууралуу биринчи жолу блогерлердин, шоу-бизнес өкүлдөрүнүн жарнамаларынан билгенбиз деп жооп берген. Ал эми, 58 пайызы санариптик активди өз алдынча изилдеп, кеңири маалымат албаптыр, ар кимден укканы боюнча гана кабары бар экен. 16 пайызы гана толук изилдеп көрүптүр. Ошондой эле, сурамжылоого катышкандардын 49 пайызы тапкан кирешеси тамак-аш менен кийим-кечеден артпайт деп белгилеген. Чакан сурамжылоонун жыйынтыгы төмөндө инфографика менен берилди.







