Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө, Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин токтому

Кыргыз Республикасынын Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынан алынган документ

https://cbd.minjust.gov.kg/7-30625/edition/13936/kg

2024-жылдын 31-июлу № 440

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун түзүү жөнүндө, Кыргыз республикасынын министрлер кабинетинин токтому

Жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, аларды анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо максатында, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 1317-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 “Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун”, 22-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакциядагы 22-тиркеме менен толукталсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 20-пунктча менен толукталсын:

“20) “Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун”, 20-тиркемеге ылайык.”;

2) ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакциядагы 20-тиркеме менен толукталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасында:

– “облустук гезиттердин редакциялары” деген сөздөрдөн кийин “, Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору” деген сөздөр менен толукталсын.

6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 180 “Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана маданият, маалымат чөйрөсүндөгү мамлекеттик ведомстволук мекемелерде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакциядагы 32-тиркеме менен толукталсын.

7. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:

– ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жайгаштыруу үчүн жайды берсин жана техникалык, коммуникациялык тейлөө менен камсыз кылсын;

– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 6-августундагы № 59 (3613)  жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин
ТөрагасыА.У. Жапаров