Күмөндүү, уруксат документтери жок дары дармектерди жалпыга маалымдоо каражаттарында ж.о.э соц түйүндөрдө жарнамалоого тыюу салынат

  • Алымкадыр Бейшеналиев
    Алымкадыр Бейшеналиев

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдарды жарнамалоо тартиби кабыл алынды.
Документти саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сунуштады.
Анын айтымында, аталган тартип дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдарды жарнамалоо учурунда колдонулган терминдерди жана аныктамаларды ачыктап, дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдарды рынокко чыгаруу боюнча чараларды жана талаптарды, анын ичинде маалымат каражаттарында, электрондук маалымат ресурстарында жана саламаттык сактоо мекемелеринде жарнаманы таратуу жана жайгаштыруу процессин камтыйт.
Мындан тышкары, документ жарнамага кирбеген материалдардын тизмесин берет жана жарнамалык материалдарга болгон талаптарды, аларды тиешелүү органга берүү тартибин жана тиешелүү бүтүмдү алуу талаптарын, ошондой эле жарнамалоонун этикалык критерийлерин бекитет.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *