КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА КОДЕКСИ2021-жылдын 28-октябры № 127327-берене

Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар:

  1. Бийликти күч менен басып алууга же күч колдонуп кармап турууга, ошого тете конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө ачык чакырыктар, –
    200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айыл салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
  2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
    1) жалпыга маалымдоо каражаттарын же маалыматтык-коммуникациялык тарамдарды колдонуу менен;
    2) адамдардын тобу тарабынан;
    3) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, –
    500дөн 1000 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга, же үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *