ИНТЕРНЕТ АЛДАМЧЫЛАРЫНА КАРШЫ КҮРӨШ

«Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарында операциялык тобокелдиктерди тескөө боюнча минималдуу талаптар жөнүндө» жобого өзгөртүүлөр сунушталды. Документ коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, банктар интернет алдамчыларына каршы аракеттенүү системаларын орнотуп, ал аркылуу ар бир транзакцияга мониторинг жүргүзүлүп, күмөндүү жагдайлардын бар жогуна баа берип турууга тийиш. Анын натыйжасында система финансылык операцияга үч белгинин бирин ыйгарууга тийиш:

  • төмөн тобокелдик: транзакция коопсуз;
  • орточо тобокелдик: бүтүм шектүү жана алдамчылык болушу мүмкүн;
  • жогорку тобокелдик: бүтүм алдамчылык болуп саналат.
    Транзакция шек жараткан учурда банктын кызматкерлери автоматтык түрдө же кол менен дароо текшерип чыгышы керек. Анын жыйынтыгында, кардардын өзү менен байланышка чыгып, маалымат бериши шарт.
    Кардардан алдамчылык ниеттердин жоктугу жана аӊ-сезимдүү түрдө операцияны ишке ашыргандыгын тастыктаган маалыматтарды алганга чейин транзакциянын аткарылышы токтотулат.
    Кайсы учурда алдамчылык тобокелдиги текшерилет?
  • кредиттерди берүү;
  • электрондук QR -коддорун колдонуу
  • каражаттарды банк ичинде жана банктар аралык которуу;
  • Гросс/КЛИРИНГ системаларын пайдалануу;
  • эл аралык каражаттарды которуу (SWIFT жана башка эл аралык акча которуу системалары);
  • накталай акча каражаттарын чыгарып алуу;
  • POS-терминалдар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу;
  • крипто капчыктарга жана чет өлкөлүк криптовалюта биржаларынын эсептерине каражаттарды которуу;
  • пайдалануучу үчүн мүнөздүү болбогон булактардан карыздарды төлөө;
  • товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу үчүн алдын ала төлөнгөн карталарды пайдалануу;
  • депозиттик түзүлүштөр (кэш-ин түзүлүштөр) аркылуу акча каражаттарын чегерүү;
  • виртуалдык карталарды колдонуу менен транзакция;
  • онлайн-казино, оюн кызматтары жана букмекердик сайттардын эсептерине жана платформаларына которуу;
  • алдамчылыкты алдын алуу боюнча өз саясатынын алкагында банк тарабынан аныкталган башка операциялар.
    Алдамчылык тобокелдигин баалоого негиз болгон учурлар:
  • транзакциялардын санынын кескин көбөйүшү;
  • окшош транзакцияларды жүргүзгөн кардарлардын тобунун активдүүлүгүнүн капыстан өсүшү;
  • кардар үчүн адаттан тыш товар/кызмат көрсөтүүлөр категорияларында төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү;
  • адаттан тыш географиялык жайгашуу (IP-дарек), жаңы мобилдик түзүлүштөн катталуу, VPN же прокси серверлерди колдонуу;
  • операцияларды жүргүзүүнүн аномалдуу убактысы: кардардын транзакцияларды ишке ашыруусу үчүн сутканын же жуманын күнүнүн адаттан тыш убактысы;
  • бир нече жолу ишке ашпай калган кирүү аракеттери: системада кайталанган ийгиликсиз авторизациялоо аракеттери;
  • байланыш маалыматтарын тез-тез өзгөртүү, айрыкча ири транзакциялар алдында;
  • белгилүү алдамчылык схемаларына шайкеш келүү;
  • транзакциялардын кайтып келиши же жокко чыгарылышы көп кездешүүсү: адаттан тыш көп сандагы кайтарым же жокко чыгарылган бүтүмдөр;
  • шектүү алуучуларды пайдалануу: шектүү катары идентификацияланган каражаттарды алуучулардын эсептерине которуу;
  • каражаттарды көптөгөн алуучуларга бөлүштүрүү;
  • эсепти ошол кардарга мүнөздүү эмес булактардан толуктоо;
  • байланышкан төлөм карталарын же эсептерди тез-тез алмаштыруу;
  • авторизациялоонун жаңы ыкмаларын киргизүү же ошол кардар үчүн мүнөздүү болбогон кирүү ыкмасын өзгөртүү;
  • анкеталык маалыматтардын (үй кожойкеси, жумушсуз ж. б.) транзакциялардын жыштыгына жана суммасына ылайык келбеши;
  • кардардын эсебинен акча каражаттарын бөлүүгө же ирилештирүүгө катышуусу жана кардардын башка эсептерине башка банкка тез которуу;
  • картаны андан ары чыгаруу менен ар кандай инструменттердин жардамы менен ар кандай адамдар тарабынан толуктоо.
    Улуттук банктын маалыматына караганда, аталган мекемеге айына 500 го чейин жабырлануучу кайрылат. Арыз жазгандардын көбү интернет алдамчылары алардын атынан онлайн-кредит алганын айтышкан. Сентябрь айында Улуттук банкка бир күндө эле 200 киши ушундай абалга кабылганын билдирип кайрылган.
    Ички иштер министрлигине болсо бир ай ичинде эле 77 киши 43 млн сомун интернет алдамчыларга алдырып жибергенин айтып арызданган.

Алдамчылардын тузагына түшпөгүлө! Күмөндүү шилтемелерди ачпагыла! Жеке маалыматыңарга сак болгула!

https://koomtalkuu.gov.kg/ru/view-npa/4582

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *