УКМК Бишкек шаарында «Кришна аң-сезим коому» же, «Харе Кришна кыймылы» деп аталган сектанын функционерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып, бөгөт коюлганын билдирди. Жергиликтүү сектанын жолдоочулары чет өлкөлүк миссионерди (б.а. «Санньяса») тартуу менен, өзүн-өзү тазалоо, өзүн-өзү өнүктүрүү боюнча психологиялык курстарга жамынып иш-чараларды уюштуруп келгени аныкталган. Адамдарга психологиялык таасир этүү үчүн жеке жана жамааттык түрдө медитация, жашыруун диний жөрөлгөлөр жасалып, мантрларды ырдатып, манипуляциялык аракеттер жасалган.
24-ноябрда Бишкектеги мейманканалардын биринде сектанын мүчөлөрү 300 кишини чогултуп, конференция уюштурган. Билеттер 1000 ден 3000 сомго чейин сатылган. Бирок катышуучулардын көбү иш-чара диний мүнөздө экенин билген эмес.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана ИИМ кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, мыйзамсыз диний иш-аракеттерди жасагандарга карата 120 000 сом айып салынган.
КР УКМК жарандарды псевдопсихологдордун ар кандай коммерциялык курстарына жана коуч-тренингдерине катышууда кылдат болууга чакырат.


