
Парламентте балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү үчүн 4 мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды. Демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Медербек Алиев.
Аракеттеги мыйзамга ылайык, баңгизат каражаттарын жарнамалагандарга, жайылткандарга, колдонууга чакырык жасагандарга айып пул каралган. Эми аны оорлотуп, штрафтын ордуна эки жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталды.
Депутат Медербек Алиевдин айтымында, Бишкекте жогорку класста окуган балдар арасында баңгизаттын мындай түрүн пайдаланып көрбөгөн мектеп жок экен. Азыр телеграмм аркылуу синтетикалык заттарды сатып алуу абдан оңой болуп калды.Психоактивдүү жана психотроптук заттарды жаш бала эки жолу колдонгондон кийин саламаттыгы кайтарылгыс бузулат. Тилекке каршы, ушундай фактылар күнүгө жүздөп көбөйүүдө. Бул билинбегени менен геноцид, деди депутат.
“Кыргызстан аркылуу Борбор Азия чөлкөмү боюнча транзиттик канал өтөт. Наркобарон, наркомафиялардын гүлдөгөн жери. Жакында эле УКМК 20 млн доллар турган синтетикалык заттарды ташыгандарды кармап, товары алынды. Сунушталып жаткан мыйзам долбоору наркомафия, наркобизнес, дарыкана наркоманиясына каршы багытталган” – деди депутат Медербек Алиев.
Учурда иштеп жаткан мыйзамга ылайык, дарыканада психоактивдүү каражаттарды рецеби жок сатса, 50 миң сом айып салынат.
Сунушталган документке ылайык, штрафтын өлчөмү 200 000 сомго чейин көбөйтүлүүдө. Ошондой эле, 2 жыл дары сатуу ишмердүүлүгүнө тыюу салынат.
“Коопсуздук маселесинен улам дарыканаларда сатылып жаткан психоактивдүү препараттардын аталышын ачыктагым келген жок. Алардын көбүн жаштар Ошто, Бишкекте, Балыкчыда ит бекер сатып алып колдонуп жатышат. Рецепт талап кылбай эле сатышууда. Башка өлкөлөрдө жөнөкөй парацетамолду врачтын рецеби жок ала албайсың. А бизде болсо курамында психоактивдүү заттар бар дарылар эркин сатыкта турат” – деди Медербек Алиев.
Мыйзам долбоору 17-декабрда парламенттин тармактык комитетинде колдоо тапты.