Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө ЖОБО

Юридикалык жактардын, өкүлчүлүктөрдүн, филиалдардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымкат https://record.minjust.gov.kg/view/02609202410332

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 31-июлундагы
№ 440 
токтомуна)

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жөнүндө
ЖОБО

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору (мындан ары – Борбор) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин (мындан ары – Министрлик) Интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүчү ведомстволук мекемеси болуп саналат.

2. Борбор өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.

3. Борбор мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы жана сметасы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш эсептери жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, бланктары жана мамлекеттик, расмий жана англис тилдерде аталышы жазылган башка мөөрлөрү, штамптары бар.

4. Мамлекеттик мүлк ага оперативдүү башкаруу укугунда берилет.

5. Борборду каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башка булактарынын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Борбор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында өз атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирүүгө, жарандык-укуктук мамилелерде тарап катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.

7. Борбордун расмий аталышы:

– мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору”;

– расмий тилде: “Центр исследования информационной среды при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики”;

– англис тилинде: “Center for Information Environment Research under the Ministry of Culture, Information, Sports and Youth Policy of the Kyrgyz Republic”.

Борбордун кыскартылган аталышы:

– мамлекеттик тилде: “МЧИБ”;

– расмий тилде: “ЦИИС”;

– англис тилинде: “CIER”.

2-глава. Борбордун максаттары

8. Борбордун максаты Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана бекемдөө болуп саналат.

3-глава. Борбордун милдеттери

9. Борбордун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн, суверенитетин бузууга, социалдык, улуттук, расалык жана диний кастыкты тутандырууга, мамлекеттик түзүлүшкө башка кол салууларды жасоого чакырган жалпыга ачык чакырыктарды, ошондой эле согушту, зомбулукту, порнографияны жана ырайымсыздыкты, терроризм жана диний экстремизм идеяларын, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун иштеп чыгуу, даярдоо жана пайдалануу ыкмалары, методдору, сатып алуу жерлери жөнүндө маалыматтарды пропагандалоого багытталган маалыматтарды камтыган Интернет тармагындагы жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтык материалдарга системалуу мониторинг жүргүзүү;

2) маалыматтык чөйрөдө инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, жарандардын коомдук аң-сезимине деструктивдүү терс маалыматтык-психологиялык таасирдин алдын алууга багытталган Интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жайылтылган материалдардын мазмунунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына шайкештигин талдоо;

3) ата мекендик жалпыга маалымдоо каражаттарынын натыйжалуу иштөөсүнө тоскоол болгон проблемаларды табуу аркылуу улуттук маалыматтык чөйрөнү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо;

4) Кыргыз Республикасынын маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аныкталган бузуулар боюнча Интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары боюнча корутундуларды даярдоо жана берүү;

5) маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик бийлик органдары, коомдук бирикмелер жана эл аралык уюмдар, анын ичинде популярдуу социалдык тармактардын администрациялары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

6) интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттары чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү системасын өркүндөтүү;

7) чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаны, заманбап талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен мыйзам актыларын өркүндөтүү, маалыматтык чөйрөдө ченемдик-укуктук камсыздоо, жалпыга маалымдоо каражаттарынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

4-глава. Борбордун функциялары

10. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Борбор төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат:

1) Интернет тармагында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык материалдарга мониторинг жүргүзүү;

2) Кыргыз Республикасында маалыматтык чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;

3) маалыматтык чөйрөдө эксперттик жана консультативдик коомчулук менен кызматташууну жүзөгө ашыруу;

4) интернет мейкиндигиндеги чыр-чатак зоналарды, ошондой эле маалыматтык маселелер боюнча көйгөйлүү кырдаалдарды талдоо жана аныктоо;

5) республикадагы маалыматтык кырдаалды турукташтыруу жана шайкеш келтирүү боюнча эксперттер жана консультанттар менен биргелешип иш жүргүзүү;

6) интернет мейкиндигиндеги мамилелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыгуу;

7) маалыматтык материалдардын мазмунунун инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүнө комплекстүү экспертиза даярдоо жана жүргүзүү;

8) жалпыга маалымдоо каражаттарынын жарандардын дене боюна же психикалык ден соолугуна деструктивдүү таасир тийгизүүчү жана зыян келтирүүчү атайылап же атайылабаган аракеттерин аныктоо;

9) массалык коммуникациялар чөйрөсүндөгү субъекттердин иши жөнүндө корутундуларды, аныкталган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү боюнча сунуштарды даярдоо жана белгиленген тартипте мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына берүү;

10) Борбордун кызматкерлерин даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, массалык коммуникация каражаттарын өнүктүрүү жана иштетүү маселелери боюнча семинарларга, конференцияларга катышуу;

11) ишти уюштуруунун заманбап методдорун колдонуу, массалык коммуникация каражаттарына мониторинг жүргүзүү жаатында чет өлкөлүк тажрыйбанын негизинде жаңы технологияларды киргизүү жолу менен Борбордун ишин өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгуу;

12) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган маалыматтык чөйрөдөгү башка функцияларды жүзөгө ашыруу.

5-глава. Укуктары, милдеттери, жоопкерчилиги

11. Борбор өз функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн өз компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) белгиленген тартипте өзүнүн изилдөө, талдоо жана башка ишинин негизги багыттарын аныктоого;

2) мониторинг маалыматтары боюнча электрондук отчеттуулук системасына жана архивге жетүү мүмкүндүгүнө ээ болууга;

3) маалымат чөйрөсүндөгү долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга;

4) башка мамлекеттик органдар, коомдук уюмдар, жарандык коомдун институттары жана эксперттик коомчулук, эл аралык уюмдар жана донордук мекемелер менен түз байланышты өнүктүрүүгө;

5) өзүнүн ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык, жеке жактар жана эл аралык уюмдар менен келишимдерди жана макулдашууларды түзүүгө, Кыргыз Республикасынын, ал эми зарыл болгон учурда Борбордун ишинин багыты боюнча чет өлкөлөрдүн эксперттерин, консультанттарын ишке тартууга;

6) мезгилдүү жана сериялык басылмаларды чыгарууга, маалыматтар банкын түзүүгө, илимий конференцияларды жана башка илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүүгө;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга.

12. Борбордун милдеттери:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишти жүзөгө ашыруу;

2) маалыматтык кырдаалды изилдөө жана талдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин объективдүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;

3) иштерди жүргүзүүнүн белгиленген тартибин жана мөөнөттөрүн сактоо;

4) талдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди жүзөгө ашырган адистердин компетенттүүлүгүнүн зарыл деңгээлин камсыз кылуу;

5) кабыл алынган чечимдер жана жүзөгө ашырылып жаткан иш үчүн жоопкерчилик тартуу.

13. Борбордун кызматкерлери ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6-глава. Борбордун ишин уюштуруу

14. Министрлик Борбордун ишин координациялайт жана контролдойт.

15. Борбор өзүнүн иши жөнүндө Министрликке жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчет берет.

16. Борборду Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор жетектейт.

Борбордун директорунун орун басары жана кызматкерлери Борбордун директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.

17. Борбордун кызматкерлери, анын ичинде директор мамлекеттик кызматкер болуп эсептелинбейт.

18. Борбордун директору:

1) Борбордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат;

2) Борборго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

3) Борбордун кызматкерлерин, Борбордун башкы бухгалтерин белгиленген тартипте кызматка дайындайт жана бошотот, тартиптик жазаларды колдонот же аларды сыйлайт;

4) Борбордун кызматкерлеринин функциялык милдеттерин бөлүштүрөт;

5) өз компетенциясынын чегинде Борбордун кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;

6) Борбордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында, ошондой эле эл аралык жана региондук уюмдарында Борбордун атынан чыгат;

7) Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик жана башка сыйлыктар менен сыйлоо үчүн талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына сунуштайт;

8) жергиликтүү жана чет өлкөлүк изилдөө борборлору, ошондой эле тиешелүү эл аралык жана региондук уюмдар менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түзүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизет;

9) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

19. Борбордун кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары колдонуудагы эмгек мыйзамдары менен белгиленет.

7-глава. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу

20. Борборду жоюу жана кайра уюштуруу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

21. Борбордун иши юридикалык жактардын мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуу киргизилген учурдан тартып токтотулду деп эсептелет.

22. Борбордун иши токтотулган учурда анын документтери “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.