“StopFake”: Фейктерге каршы биргеликте күрөшөлү!

КР ММСЖСМ караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунда фейктерге каршы жаңы долбоор иштелип чыкты.
Социалдык тармактарда тараган маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоого StopFake долбоору жардамга келет.
StopFake – социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды, жалган маалыматтарды жана алдамчыларды аныктоочу долбоор.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун IT-адистери менен эксперттери интернет мейкиндигинде аныкталган күмөндүү материалдарга талдоо жүргүзөт.
Маалымат же аккаунт фейк экендиги аныкталса, жыйынтыгы КР ММСЖСМ караштуу Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун расмий сайтындагы «STOPFAKE» бөлүмүнө жарыяланат.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген фейк маалыматтар боюнча материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт.
Фейктерди аныктоого интернет колдонуучулары дагы активдүү катышып, cier@mail.gov.kg электрондук дарегине маалыматтарды жөнөтө алат.
Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды фейк аккаунттардан, жалган маалыматтардан сак болууга чакырат.

One Comment

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *