WhatsApp аркылуу тараган 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат ЖАЛГАН!

WhatsApp аркылуу тараган 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат ЖАЛГАН!

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги алдамчылар кезектеги тузак ойлоп чыгарганын эскертип, жарандарды сак болууга чакырат.

Whatsapp-мессенджеринде тарап жаткан “Сизге 25 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул берилет” деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Жеке маалыматтарды жана каттоо эсептерин шылуундардан коргоо максатында белгисиз шилтемелер аркылуу өтпөө сунушталат. 

Тышкы иштер министрлиги маалыматтарды расмий булактар аркылуу гана текшерүүнү суранат.

https://mfa.gov.kg/kg/zhogorku-menyu/press-kyzmaty/kystarylgan-zhaylyktar/WhatsApp-messenzherinde-25-mi-som-lchmnd-zhlkpul-aluuga-mmknchlk-tuuraluu-zhalgan-maalymattardyn-tarashyna-baylanyshtuu-maalymattyk-bildir

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жарандарды күмөндүү шилтемелерге кирбей, жеке маалыматтарга сак болууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *