ИШ ИЗДЕГЕНДЕР, ЭТИЯТ БОЛГУЛА!

         Акыркы убакта Бишкек шаарынын көчөлөрүндө, көп кабаттуу турак жайлардын каалгасына чапталган күмөндүү жарнамалар пайда болду. Анда, Россияда жумуш бар, аптасына 1000 доллардан кем эмес маяна төлөнөт деген сөздөр жазылган. Эч кандай дарек, телефон номурлары көрсөтүлгөн эмес. Кандай жумуш тууралуу сөз жүрүп жатканы белгисиз. Жарнамада телеграмм каналына багыт берген QR-код көрсөтүлгөн. Ал аркылуу телеграмм каналына киргенде Анна деген аккаунтка түшөсүң. Ал жактан иш тууралуу сураганда, Россия Федерациясына барчу чыгымдарды төлөп беребиз, эркин графикте иштейсиң, эч кандай чектөө жок, күнүнө 2 сааттай иштеп, аптасына аз дегенде 1000 доллардан өйдө табасың деп адамды көндүрүүгө аракет кылган жазуулар жөнөтүлдү. Эң кооптуу жери жумуш бир аз легалдуу эмес дегени болду. Тобокелчиликтерди тапкан акча жууп кетет деген азгырыктар айтылды.  Россиянын аймагында жөө жүрүп курьерлик кызматты аркалайсың деп жумуштун тартиби боюнча түшүндүрмө жөнөтүлдү. Анда, күмөндүү иш экени дароо байкалды. Баңгизаттарын таратуучу иш деп айтууга толук негиз бар.    

Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору бул күмөндүү жарнамага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жана Кыргыз Респбуликасынын Россия Федерациясындагы элчилигине кат жөнөттү.

       Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору Кыргызстандын жарандарын текшерилбеген, күмөндүү жарнамалардан этият болууга, жаман иштерге  азгырылып кетүүдөн сак болууга чакырат!

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *