Бүгүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборунун директору Бактыгул Иманбек кызы Кыргызстанда жарнама жайылткан lalafo сайтынын директору Дарья Суходолова, Bazar.kg сайтынын юристи Фатима Якупбаева жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган товарлар жана кызматтарды жарнамалоого каршы биргеликте иш алып баруу маселелери талкууланды. Борбордун директору Бактыгул Иманбек кызынын айтымында, башкы максат жарандарды зыяндуу жарнамалардан коргоо.
«Интернет мейкиндигинде тыюу салынган товарлар, кызмат көрсөтүүлөр мыйзамдуу иштерге жамынуу менен жайылтылып жатканы коркунуч жаратууда. Жарандарды ар кандай күмөндүү рекламалардан жана анын кесепеттеринен коргоо багытында Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору тарабынан тынымсыз мониторинг жүргүзүлүп келет. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда материалдар топтолуп, чара көрүү үчүн тийиштүү органдарга жөнөтүлүп жатат», – деди директору.
Жыйында күмөндүү жарыялар көп учурда Кыргызстандагы ири жарнамалар сайттарына чыгып жатканы белгиленди. Андыктан, бул жаатта биргеликте иш алып баруу зарылчылыгы айтылды.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү өлкө аймагында тыюу салынган товарлар, медициналык каражаттар жана аларды каттоо боюнча маалымат беришти. Алардын пикиринде, сайттар препаратты жарнамалоонун алдында жарыя берүүчүдөн товарга каттоо тууралуу күбөлүк алынганын тактап турса жакшы болмок.
Реклама жаатында иш алып барган сайттардын өкүлдөрү бул демилгени кубаттап, биргеликте иш алып барууга жана жарандардын саламаттыгына коркунуч жараткан күмөндүү препараттарды жайылтууга алар дагы каршы экенин билдиришти.
«Интернет алдамчыларына, тыюу салынган товарларды саткандарга каршы күрөшкө артыкчылык беребиз. Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, бул жаатта кызматташууга даярбыз», – деди Lalafo, Bazar.kg сайттарынын өкүлдөрү.
Жыйындын соңунда тараптар жогоруда көтөрүлгөн маселелерди жөнгө салуу жаатында жигердүү иш алып баруу чечимине келишти.